Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Нарын райондук милициясы Капаровдун сабалышын иликтөөдө


"Бүткүл Кыргызстан" жаштар партиясынын лидери Чыңгыз Капаровдун сабалышы боюнча кылмыш ишти Нарын райондук милициясы иликтеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын райондук ички иштер бөлүмүн башчысы Асан Кенжебаев билдирди. Сабалган Чыңгыз Капаров Ак-Кудук айылына таенесиникине эс алууга келген. 26-декабрда тууганынын үйүнөн ошол айылдын үч тургуну чакырып чыгып сабаган.

Капаров бул окуя саясый мүнөзгө ээ экенин, кол салууну бийлик уюштурганын айтууда. Акыйкатчынын Нарын облустук бөлүмүнүн башкы адиси Хусейн Өскөнбаев муну саясатка байланыштыруу эртелик кылаарын, териштирүүнүн жыйынтыгын күтүү керектигин билдирди.

Сентябрда оппозиция өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясын цианид менен булгоону пландаганын айткан тасма тараган. Оппозиция өкүлдөрү тасмада айтылган сөздөр чындыкка дал келбесин айтып, аны бийликтин уюштурган чагымы деп сыпаттаган. Тасмада уюштуруучулардын катарында депутат Курманбек Осмоновдун коомдук жардамчысы Чыңгыз Капаров да аталган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG