Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Украина эң катаал жылды баштан кечирди


Жаңы 2014-жыл төбөлсүз Украинанын тарыхындагы эң катаал жыл болушу мүмкүн. Мындай чочулоону өлкө президенти Виктор Янукович 31-декабрда Жаңы жыл алдындагы кайрылуусунда айтты жана украин жарандарын биримдикке үндөдү. Ошол эле учурда 2013-жыл да өлкө үчүн оор жыл болгонун баса белгиледи.

-2013-жыл - катаал жыл, балким күнкорсуз Украинанын тарыхындагы эң оор жыл артта калды. Бул ийгиликтердин жана проблемалардын, көңүл калуулардын жана жаңы үмүттөрдүн жылы болду. Бирок жалпысынан алганда, 2013-жылы майдандар жана улуттук тегерек стол сүйлөшүүлөрү, саясый талаш-тартыштар жана чыныгы диалогдор өтүп, өсүш болду.

Ал эми оппозиция лидерлери өз тарапкерлерин кышкы майрамдык тыныгуулардан соң антиөкмөттүк чыгууларды улантканга чакырышты.

Украин жетекчилиги ноябрда Европа Биримдиги менен Ассоциациялык келишимге кол койгондон баш тарткандан кийин Киевде жана башка шаарларда президент Януковичтин жана өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган он миңдеген адамдар митинг-демонстрацияларга чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG