Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 19:50

Быйыл жеңилдетилген насыя үчүн төрт миллиард сом бөлүнөт


Быйыл Кыргызстанда айыл чарба тармагы үчүн жеңилдетилген насыяларды берүүгө 4 миллиард сомдон кем эмес акча бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жылды жыйынтыктаган куттуктоосунда айтты. Узаган жылы, премьер-министрдин айтымында, айыл чарба тармагына 3 миллиард 200 миллион сом жеңилдетилген насыя берилди. Лизингге миңден ашык айыл чарба техникасы бөлүндү. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG