Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Миллиондогон адамдар Жаңы жылды тосуп алышты


Түн ортосунда Нью-Йорктун Таймс аянтына топтолгон жүз миңдеген адамдарга 2014-жыл киргенин жар салып, төбөдөн атактуу хрустал шар түштү. Лондондо Жаңы жылдык фейерверк таттуу даамдын жытын абага аңкытып, элди кубандырды. Филиппинде майрамдык петардадан 260тан ашуун адам жарадар болду. Дубайда 400 жерден асман бетин түркүн түскө боёогон эбегейсиз фейрерверктер атылды. Киевдин ортолук аянтында антиөкмөттчүл протестчилер Укриан гимнин ырдашып, дүйнөлүк рекорд койгонго аракет жасашты.

Рим-католик чиркөөсүнүн Папасы Франциск Жаңы жылдык зыяпатта зыяратчылардан 2013-жылы алар кимдир бирөөгө же өзүнө жардам бергенин сурады. Франциянын прөзиденти Франсуа Олланд жарандарга жасаган жаңы жылдык кайрылуусунда: “2013-жыл силердин көпчүлүгүңөр жана өлкө үчүн оор болду. Себеби кризис узап кетти, биз мерчемдегенден терең болду. Биз экономикадагы жалчыбаган өсүш жана ашыкча пландарды кесүү менен анын баасын төлөдүк,” – деди.

XS
SM
MD
LG