Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

Британиядагы кыргыздар жаңы жылды бирге тосту


Британияда жашаган кыргыз жарандары жаңы 2014-жылды бирге тосушту. Лондондо салттуу түрдө Темза дарыясынын боюнда, атактуу Биг-Бен саат мунарасында жана шаардын чыгышында өзгөчө кооз фейерверк атылды.

Британиядагы кыргызстандыктар Англиядан сырткары Шотландиянын төрт шаарында жана Уэльстин эки калаасында да 2014-жылдын келишин бирге майрамдашты. Лондондогу жалгыз кыргыз даамканасында кыргызстандыктар салттуу түрдө жыл сайын Жаңы жылды 20-декабрдан тарта тосо баштайт.

"Паша" кыргыз рестораны Жаңы жылга карата атайын оюн-зоок, ыр-бий жана майрамдык даамдарды даярдаган. Даамкананын менеджери Нургүл Кандикараеванын айтымында, бул жерге чогулган 90 чакты кыргызстандыктын көңүлүн Оштон келген ырчылар Мила Зефс менен Сардор Мирзахожаев кыргызча, орусча, өзбекче жана англисче ырлар менен көтөрүштү.

"Пашадагы" майрамдык сый-тамакка Кыргызстандын жети облусунан келген жердештер жана британиялыктар келди. Кыргыз ресторанындагы майрамдык иш чара эски Жаңы жылга чейин уланат.

Ал ортодо Британиядагы кыргыз элчилиги да мекендештерди 2014-жыл менен куттуктады. "Жылкы жылында жерибизде тынчтык, молчулук жана бейпилдик орносун. Сиздерди ар дайым чың ден-соолук, бакубат жашоо, албан ийгилик жана бакыт-таалай коштосун", – деп куттуктады Лондондогу кыргыз дипломаттары.

Британия Кыргызстандан алты саат артта. (BAz)

XS
SM
MD
LG