Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Муфтий өзүнө байланышкан тасма боюнча түшүндүрмө берди


Рахматулла Эгембердиев муфтийликке шайлангандан кийин, 15-декабрь, 2012-жыл.
Рахматулла Эгембердиев муфтийликке шайлангандан кийин, 15-декабрь, 2012-жыл.
31-декабрда Кыргызстан Мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчиси Рахматулла ажы Эгембердиевге түспөлдөш делген адамдын бир аял менен интимдик мамилеси бир нече видео сайттарга тарап, интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаралган.

Муфтий Эгембердиев "Азаттыкка" бүгүн бул тасмадагы аял ак никелүү жубайы экенин билдирди:

- Тасмадагы адам мен экенимди танбайм, бирок ал менин никелүү жубайым менен болгон ички мамилебиз. Мен тасмадагы жубайым менен төрт жылдан бери жашайм. Башкысы - Кудайдын алдында акмын. Менин жеке жашоом, жубайым менен болгон мамилем кимге кызык болуп жатканына абдан таң калдым.

Ушул эле күнү видео тасмадагы айымдын ата-энеси да видео кайрылуу жасап, муфтий Рахматтулла ажы Эгембердиев күйөө баласы экенин, кызы менен төрт жылдан бери чогуу жашап келатканы анык экенин айтышты.

Рахматулла Эгембердиевди муфтийликке шайлоо да чуу менен коштолгон болчу. Ал 2012-жылы 15-декабрга белгиленген мусулмандар курултайына бир күн калганда бийликтеги айрым адамдар жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет шайлоого катыштырбоо максатында кысымга алып жатканы тууралуу видео кайрылуу жасаган. Ошол күнү атайын кызмат Эгембердиев менен мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловго ажылыктан түшкөн каражаттын салыгына байланыштуу кылмыш иш козгогон. Бул иш боюнча сот процесси азыр да аягына чыга элек. (JAk)

XS
SM
MD
LG