Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

“Абдулла Аззам бригадасынын” командири кармалды


Ливандын чалгындоо кызматтары “ал-Каида” менен байланыштагы топтун командирин кармады. “Абдулла Аззам бригадасынын” эмири Мажид ал-Мажид Бейрутта кармалганын Ливандын коргоо министри Файез Госн 1-январда кабарлады. Ал-Мажид 2013-жылы 19-ноябрда Бейруттагы Иран элчилигине кол салууга катышкан жана террорчулук кылган деп айыпталууда. Аны кармоого Сауд Арабиясы жана АКШ кызыкдар болуп жүргөн.

“Абдулла Аззам бригадасы” Бейруттагы чабуулду Иран колдогон "Хезболла" кыймылынын согушчандарын Сириядан чыгаруу максатында кысым көрсөтүү уюштурганын мойнуна алган. Ал-Маджид өз тобун Усама бин Ладендин пири жана колдоочусу Абдулла Аззамдын урматына атаган.

XS
SM
MD
LG