Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Египет: кагылыштан эки киши өлдү


Полиция менен исламчыл козголоңчулардын кагылышынан кеминде эки киши өлдү. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, окуя шаршемби кечинде Александрия шаарында болгон. Ага чейин Каирдеги Коргоо министрлигинин алдындагы демонстрацияны таркатуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Нааразылыкка чыккандар жолду бууп, полицияга каршы ырларды ырдап, аскерге каршы чакырыктарды айтышкан.

Дүйшөмбүдө АКШ Египет бийлиги тарабынан “Мусулман агайындар” кыймылынын террордук уюм деп табылышына жана ага байланыштуу камоолордун күчөшүнө кабатырлыгын билдирген.

Египеттин мурунку президенти Мухаммед Мурси бийликтен кулатылган июль айынан бери исламчыл топтордун нааразылыктары күч алып, миңдеген кишилер камалып, жүздөгөн адамдар өлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG