Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

Волгограддагы жардыруулардан кийин жүздөгөн киши кармалды


Орусиянын Волгоград шаарында 34 адамдын өмүрүн кыйган кош жардырууну иликтөөнүн алкагында күч органдары жүздөгөн кишини кармашты. Орусиянын маалымат каражаттары Ички иштер министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнө шилтеме менен жекшемби жана дүйшөмбү күндөрдөгү жардыруулардан бери 700дөй адам шектүү катары кармалганын кабарлашты. Алардын арасында Борбор Азиядан барган мигранттар жана Түндүк Кавказдан чыккандар көп экени айтылат.

Бийликтер соңку чабуулдарды дале иликтешүүдө, бирок аны Түндүк Кавказдагы исламчыл козголоңчулар жасаган болушу мүмкүн деген ишеним күч. Волгоград вокзалындагы жардырууда жанкечтини чабуулдан токтотуп калууга аракет кылган полициячы бүгүн жерге берилди. Ондогон кишилер жаракат алышкан, айрымдар дале оор абалда жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG