Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Ирак: козголоңчулар эки шаардын айрым жерлерин ээлешти


Ирактын батышындагы Фаллужа жана Рамади шаарларынын айрым бөлүктөрүн куралчан топтор ээлеп алышканы кабарланууда. Анбар провинциясында дүйшөмбүдө коопсуздук күчтөрү суннилердин нааразылык лагерине чабуул коюшканда атышуу болгон эле. Аны бул вилаетте басымдуулук кылган суннилер менен президент Нури ал-Маликинин шийи өкмөтүнүн ортосундагы тирештин соңку мисалы катары аташкан.

Дүйшөмбүдөн берки коменданттык саат кечээ алынган. Өкмөттүк аскерлер эки шаардын айрым жерлеринен кетишкен болчу. Айрым маалымат агенттиктери бүгүн эки шаардын тең кээ бир аймактарын “ал-Каида” менен байланыштагы куралчан топтор ээлеп алышканын, борбордук көчөлөрдө кара байракты көтөргөн куралчандардын машинелери көрүнгөнүн жазышты.

XS
SM
MD
LG