Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Сомалидеги жардырууну “Ал-Шабааб” тобу жасаган


Сомалидеги жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ал-Шабааб” исламчыл козголоңчу тобу өзүнө алды. Баш калаа Могадишодогу мейманканада жардыруудан кеминде 10 адам набыт болгон. Бүгүн аталган топтун билдирүүсүндө ал чабуул “динин саткандарга” каршы жасалганын, “алар жазага татыктуулар экенин” айтышты.

“Жазира” мейманканасы чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү өкмөттүн жогору даражалуу расмий өкүлдөрү көп чогула турган жай катары белгилүү. Шаршембиде анын жанында дүрмөттөлгөн эки машине жарылып атышуу болгон.

“Ал-Каида" менен байланыштагы “Ал-Шабааб” тобун эки жылдай мурда өкмөттүк аскерлер Могадишодон сүрүп чыгарышкан. Азыр ал топ Африка биримдигинин жайчылык күчтөрү менен борбордук жана түштүк Сомалини көзөмөлдөө укугу үчүн күрөшүп жүргөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG