Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Ак-Талаада балдар үчүн муз аянтчалары жасалды


Нарындын Ак-Талаа районунда алгачкы жолу суу тоңдурулуп, муз аянтчалары жасалды. Аянтчалар район борборунда жана Коңорчок айылында курулду. Баетов айылындагы гүл бакка жасалган муз аянтчасынын узуну 50, туурасы 30 метр. Ал эми Коңорчок айылындагы аянтча 40 чарчы метр.
Муз аянтчалары Ак-Талаа районунун Жаштар уюмунун демилгеси менен жасалып, анда тебе турган конькилерди Нарын жаштар ордосу уюму алып берген.
Бул саамалыкты демилгечилер жаштардын спорт менен машыгуусуна, бош убактысында эс алуусуна шарт түзүү максатында башташты. (TSh/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG