Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Кыргызстандын тышкы соода көлөмү 6,8 млрд. доллар


Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча өткөн жылдын январь айынан ноябрга чейинки тышкы сооданын көлөмү 333 млрд. 805 млн. сомдон ашты. Өткөн жылга салыштырмалуу бир аз өсүш бар деп белгиленет маалыматта. Анткени 2012-жылы ушул эле убакта тышкы сооданын көлөмү 295 млрд. 85 млн. сом болгон.

2013-жылы импорттун көлөмү 5 млрд. 377 млн. доллар, ал эми экспорт 1 млрд. 518 млн. долларды түздү, мунун ичинен КМШ өлкөлөрүнө 46,5%, ал эми алыскы чет өлкөлөргө жасалган экспорт 53,5% болду.

Экспорт менен импорттун ортосундагы айырманын чоңдугун белгилеген адистер Кыргызстандын акчасы негизинен сыртка кетип жатканын билдиришүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG