Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

Мүлктү мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узартуу сунушталууда


Экономика министрлиги жарандардын кирешесин мыйзамдаштыруу мөөнөтүн 2014-жылдын 1-апрелине чейин узартуу сунушу менен өкмөткө кайрылды. Министрлик буга мамлекеттик мекемелердеги узун кезектерди эске алуу менен парламенттеги жана жалпы эле жарандардан түшүп жаткан сунуштар боюнча акцияны жакшыртуу жана жеңилдетүү максатында барууну өтүнүүдө.

Адилет министрлигинин маалыматы боюнча, 2013-жылдын 1-июлунан 12-ноябрына чейин болгону 133 жаран кирешесин мыйзамдаштырса, 12-ноябрдан 12-декабрга чейин кирешесин легалдаштырууну каалагандардын саны күнүнө отузга жетип жатты. Андан кийин 1-январга чейин декларанттардын кескин көбөйүүсүнөн улам, министрликтин нотариалдык мекемелеринде узун кезектер көбөйүп, каалоочулардын баары кирешесин мыйзамдаштырууга жетишпей калган.
Жалпысы болуп өткөн жылы болгону 4222 киши гана кирешесин мыйзамдаштырды деп айтылат маалыматта.

2016-жылы башталуучу "Бирдиктүү салык декларациясына" утурлай киргизилген Мүлктү жана капиталды легалдаштыруу иш-чарасы өткөн жылы 1-июлдан тарта башталган. Кирешени легалдаштыруу декларациясын толтуруу учурунда ар бир жаран мүлкүн өзү баалайт жана 45 миллион сомдон ашпаса, декларация бланкы менен нотариустун 150 сомдук кызматын гана төлөйт. Эгер 45 миллион же андан ашыра баалагандар милдеттүү түрдө 450 миң сомдук пошлина төлөөгө милдеттүү.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG