Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:22

Бишкекте кемтик туулган баласынан баш тарткан учурлар азаюуда


Бишкекте кемтик төрөлгөн баласынан ата-энеси баш тарткан учурлар азаюуда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери, медицина илимдеринин доктору Талант Өмүрбеков билдирди. Анын айтымында, мындан 10 чакты жыл мурда кемтик төрөлгөн балдардын 25%ынан ата-энеси баш тартып кетчү. Жылдан жылга бул тенденция азайып баратат. Дарыгердин пикиринде, буга кемтик төрөлгөн балдардын көбү дарыланып, оңолуп кетип жатканы жана ата-эне тараптан колдоо, ишеним болуп жатканы негизги себеп. (JCh/RK)

XS
SM
MD
LG