Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында улгайган жарандар өз ара көмөктөшүү үчүн түзүп алган 127 топ иштеп жатат. Бул тууралуу Улгайгандардын ресурстук борборунан кабарлашты. Азырынча мындай топтор Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Ош облустарында иштөөдө. Максаты - бири-бирине күнүмдүк тиричилигинде пайда болгон проблемаларды чечүүгө көмөктөшүү жана моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүү.
Акыркы жолу Кыргызстанда пенсия октябрь айында 10% жогорулаган. Социалдык фонддун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө кары адамдар калктын 9%ын түзөт. Алардын дээрлик жарымы минималдык көрсөткүчтөн төмөн пенсия алат. (RK)