Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Былтыр Кыргызстанда 60 жаңы мектеп ачылды


Былтыр Кыргызстанда 60 жаңы мектеп ачылган. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө өткөн жыйында айтылды. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев быйыл андан да көп мектеп ачылаарын кабарлады.

Кыргызстанда түрдүү себептерден улам бирөөнүн үйүндө, чатырда, вагондо окуп жаткан мектептер да бар.

Бүгүн өкмөттө өткөн жыйында быйылкы жылы капиталдык салымдар үчүн бюджеттен 2 миллиард 500 миллион сом каралып жатканы, бул былтыркыга караганда 100 миллион смого көп экени айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG