Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Волгоградда теракттарда жараат алган 65 киши ооруканада


Орусиянын Волгоград облусу бешинчи күнү аза күтүүдө. Волгограддын өзүндө жана Москванын ооруканаларында 65 киши дарыланууда. Бүгүн Москвага дагы эки оор жарааты бар киши жеткирилет.

Волгограддагы эки терактта 34 киши набыт болду. Тергөөнүн маалыматы боюнча, вокзалдагы жана троллейбустагы жардырууларды жанкечтилер ишке ашырган. Облус боюнча террордук жардыруулардан кооптонуу дагы деле жогору. «Вихрь-антитеррор» операциясы маалында 700 киши кармалды.

Набыт болгондордун 18и жерге берилгенин Волгоград облусунун губернатору Василий Галушкин билдирди. Федералдык бюджеттен жабыр тарткан 13 үй-бүлөгө эки миллион рубль компенсация төлөндү. 43 адамга эки жүз миң рублдан берилди. Жардырууда көз жумган эки тажик жарандын үй-бүлөсүнө дагы эки миллион рубль компенсация бөлүндү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG