Кыргызстанда окуучулардын кышкы эс алуулары дагы эки күнгө узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Мындай чечим электр кубатын үнөмдөө жана окуучулардын ден соолугуна кам көрүү максатында кабыл алынганы кабарланды. Жаңы чечимге ылайык окуучулар мектепке 15-январда барышат.
Ушул эки күн жазгы каникулдун эсебинен алынды. Жазгы каникул кыскартылып, 22-марттан 29-мартка чейин деп такталды. (SA)