Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Египеттеги кагылыштарда набыт болгондор саны 17ге жетти


Каирдин четиндеги Наср району, 3-январь, 2014
Каирдин четиндеги Наср району, 3-январь, 2014
Египетте “Мусулман агайындар” кыймылынын демонстрациясын полиция күч менен басып, кагылыштарда кеминде 17 киши набыт болду. Адам өлүмү тууралуу кабарлар жума күнү Каир, Александрия, Исмаилия жана башка шаарлардан түшүп жатты. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кеминде 50 киши жаракат алганын, Ички иштер министрлиги болсо “Мусулман агайындардын” 122 колдоочусун камакка алганын кабарлашты.

Быйыл июлда өлкөдө аталган кыймыл колдогон Мухаммад Мурсини аскерий жетекчилик президенттиктен кулаткандан кийинки кагылыштарда жүздөгөн адам курман болгон, Мурсини колдогон миңдеген киши камалган. Өткөн айда “Мусулман агайындар” террористтик уюмдардын тизмесине киргизилгенден кийин нааразылык толкуну дагы күчөдү. Ушул айдын этегинде бийликтер жаңы Конституция боюнча референдум өткөргөнү жатышат.

XS
SM
MD
LG