Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Орусия: Сочи Олимпиадасында митингдерге уруксат берилди


Орусиянын президенти Владимир Путин Сочи Олимпиадасы маалында митинг-демонстрацияларды өткөрүү тартибин жеңилдетти. Путин кол койгон жардыкта “Олимп оюндарына тиешеси жок маселелер боюнча митинг-пикеттерди өткөрүү тартиби жергиликтүү администрация жана Ички иштер министрлиги менен макулдашуунун негизинде аныкталат” деп айтылат.

Жаңы жардык былтыр августта “Олимп оюндарына байланышпаган бир да жыйналууга уруксат бербеген” жардыктын ордуна киргизилди. Укук коргоо уюмдары ал өңдүү чечимди айыптап, бул Конституцияга каршы келерин айтышкан. Путиндин соңку жардыгы 7-январдан 21-мартка чейин күчүндө болоору кабарланууда.

XS
SM
MD
LG