Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Индияда имарат урап түшүп, кеминде жети киши мүрт кетти


Гоа штатында курулуш жүрүп жаткан жердеги кырсыкта дагы ондогон адамдар урандылар астында калышы мүмкүн деген коркунуч бар.

Ишембидеги окуя Канакона деген айылда болгон. Жергиликтүү полиция кырсык маалында имаратта 50гө жакын куруучу иштеп жаткан болушу мүмкүн экенин, өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү ажеп эместигин эскертти.

Окуя болгон жерге өрт өчүргүчтөр, тез жардам кызматтары жана куткаруучулар жеткирилгени, алар урандылар астынан адамдарды издеп жатышканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG