Бишкектин мэрлигине бир да талапкер каттала электигин "Азаттыкка" бүгүн шаардык шайлоо комиссиянын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
Бишкек жана Ош шаар башчыларын шайлоо 15-январга белгиленген. Талапкерлерди каттоо 8-январда аяктайт.
Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика” фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороевдин “Азаттыкка” билдиришинче, азырынча мэрликке талапкер тандала элек. Ал эми Социал-демократтар фракциясы 6-январда жыйынга чогулуп, талапкерин аныктай турганы айтылууда. (BkA)