Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Бангладеште парламенттик шайлоо өтүп жатат


Бангладештин улуттук партиясы деген негизги оппозициялык күч шайлоону “шерменде көз боёмочулук” деп атап, шайлоого бойкот жарыялаган жана элди эки күндүк иш таштоого үндөгөн.

Премьер-министр Шейх Хасина оппозициянын шайлоо маалында бийликтен кете туруп, башкарууну бейтарап техникалык өкмөткө тапшыруу чакырыгын четке каккан эле. Премьердин “Авами лигасы” шайлоодо жеңет деп күтүлүүдө.

Шайлоо өнөктүгү кандуу окуялар менен коштолду, түрдүү демонстрациялардагы кагылыштарда 100дөн ашуун киши набыт болду. Өлкөдө бүгүн коопсуздук чаралары өзгөчө күчөтүлгөн, шайлооканалардагы коопсуздукка 50 миңдей аскер көз салууда.

XS
SM
MD
LG