Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Багдадда бир нече жардыруу болду


Бийликтер кеминде 15 киши мерт болгонун, ондогон адамдар жаракат алышканын айтышты. Эң эле кандуу окуя Багдаддын четиндеги Шааб районунда болгон. Ал жерде ресторандын жанында дүрмөттөлгөн эки машине жарылып кеткени кабарланды. Окуяда 10 адам набыт болуп, 26сы жаракат алды.

Ал эми шаардын борбордук бөлүгүндөгү Баб ал-Муадхам районундагы жардыруудан үч киши өлгөн, алтоо жарадар болду. Дагы эки жардырууда эки киши мүрт кетти, 13ү жаракат алды. Иракта соңку күндөрү “ал-Каида” менен байланыштагы түрдүү козголоңчу топтор менен тирешүү күчөгөн.

XS
SM
MD
LG