Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Ирак: жардыруудан ондогон адамдар мерт кетти


Бийликтер жардыруулардан кеминде 19 киши мерт болгонун, ондогон адамдар жаракат алганын айтышты. Жекшембидеги жардыруулардын эң эле кандуусу Багдаддын четиндеги Шааб районунда болгон. Ал жерде ресторандын жанында дүрмөттөлгөн эки машине жарылып кеткени кабарланды. Окуяда 10 адам набыт болуп, 26сы жаракат алды.

Ал эми шаардын борбордук бөлүгүндөгү Баб ал-Муадхам районундагы жардыруудан үч киши өлгөн, алтоо жарадар болду. Бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Иракта соңку күндөрү “ал-Каида” менен байланыштагы түрдүү козголоңчу топтор менен тирешүү күчөгөн.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики Анбар провинциясында өкмөттүк күчтөр бир нече күндөн бери атышып жаткан “ал-Каидага” санаалаш топторго күрөштү күчөтөөрүн билдирген эле. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кошмо Штаттар Иракка террорчул топтор менен күрөшүүгө жардам көрсөтөрүн билдирди. Бирок ал америкалык аскерлер Иракка жиберилбей турганын кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG