Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

КСДП Бишкек мэрлигине Кулматовду көрсөттү


Мындай чечимди Бишкек шаар кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясы кечээ кечиндеги жыйынында кабыл алды. Бул тууралуу фракция лидери Алмазбек Кененбаев билдирди. Анын айтымында, фракция борбор калаанын мэрлигине бир нече адамдын талапкерлигин карап, жыйынтыгында Кубанычбек Кулматовду тандап алышкан.

-Биз Кулматовдун саясий кадыр-баркын, муниципалдык тармактагы тажрыйбасын эске алып туруп, Бишкекти башкарууга татыктуу талапкер катары тандап алдык, - деп билдирди Кененбаев.

Кубанычбек Кулматов - өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. Ал буга чейин Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагалыгын аркалаган. Азырынча Бишкек мэрлигине Кулматовдон башка талапкердин ысымы атала элек.

Бишкек жана Ош шаар башчыларын шайлоо 15-январга белгиленген. Талапкерлерди каттоо 8-январда аяктайт.(BkA)

XS
SM
MD
LG