Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Португалия футболчунун өлүмүнө аза күтүүдө


Португалия өкмөтү легендарлуу футболчу Эйсебионун каза болгонуна байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады. Бул тууралуу Португалиянын премьер-министри Анибал Каваку Сильба теле аркылуу калкка кайрылуусунда билдирди.

71 жаштагы футболчу Эйсебио да Силва Феррейра Лиссабондогу үйүндө жекшембиде жүрөк оорусунан улам каза болгон. Ал Португалияда улуттук баатыр катары саналчу. Эйсебионун футболдогу жылдызы 1966-жылдагы дүйнө чемпионатынан соң жанып, бардык мезгилдердин эң мыкты 10 футболчусунун бири катары таанылган.

XS
SM
MD
LG