Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Мамытов: Чек ара тактоону тездетебиз


Токон Мамытов Баткендеги жолугушууда. 19-декабрь, 2013-жыл
Токон Мамытов Баткендеги жолугушууда. 19-декабрь, 2013-жыл

Кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр кайра жанданганы турат.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов чек араларды тактоо иштери боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Токон мырза, өткөн жыл соңунда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында сүйлөшүүлөр жыл жаңырган соң уланаары айтылды эле...

Мамытов: Сүйлөшүүлөр уланат. Биз мындан ары ай сайын чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп туралы деп макулдаштык. Ай сайын үч комиссия жолугат. Ошондо ар бир он күн сайын бирден жолугушуу өтмөй болууда.

“Азаттык”: Жакынкы жолугушуу качанкыга белгиленди?

Мамытов: Биз 7-январда кыргыз-тажик чек арасын тактоо үчүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбүгө сапар алабыз. Ал жакта 4-5 күн жүрүп келебиз. 20-январдан кийин Өзбекстандын өкүлдөрү менен жолугушуу болот.

“Азаттык”: Ал сүйлөшүүлөрдүн форматы кандай өтөт?

Мамытов: Өзбекстан болобу, Тажикстан болобу чек араны тактоо боюнча эки-үч комиссия жолугат. Маселен, бир комиссияны вице-премьерлер жетектеп, алардын деңгээлинде жолугушуулар өтсө, экинчисинде чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча жумушчу топтор жолугуп, өз иштерин жүргүзөт. Булар ай сайын жолугушуу өткөрүп турат. Мындан сырткары, Айыл чарба , Энергетика, Транспорт жана коммуникация министрликтери, Мамлекеттик каттоо кызматы түзгөн жумушчу топтор бар. Алар да жолугуп, чек ара аймактарындагы өздөрүнө тиешелүү тармактар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп турат. Бирөө чек аранын сызыгын тактайт, экинчиси ал жактагы жолду, үчүнчүсү электр линиясын, жайытты тактайт. Мына ушулардын баарын комплекстүү түрдө чечкен учурда гана чек ара аймактарында тынчтык орношу мүмкүн.

“Азаттык”: Демек, чек араны тактоо боюнча иштер кыйла тездеп, жолугушуулар бат-баттан өтүп турат экен. Алардан кандай жыйынтык күтүп жатасыздар?

Мамытов: Ооба, чындыгында эле кыймылга келди. Бирок жыйынтык тууралуу кеп салганда, чек ара сыяктуу чоң маселени чечүүдө бир-эки жолугушуу менен иш бүтпөйт экен. Булар жылдап талкууланып, анан чечилчү маселе.

“Азаттык”: Мына 7-январда Тажикстанга сапар алат экенсиздер. Бул сүйлөшүүдө өткөн жылдын соңунда Баткендин Ак-Сай айылында болгон чыр эске алынса керек. Анда жергиликтүү эл Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай - Тамдык - Көк-Таш жолунун курулушун жандантууну талап кылды эле. Жолугушууда кайсы маселелер талкууланат?

Мамытов: Бул жолугушуу вице-премьер-министрлердин деңгээлинде өтөт. Жолушууда Лейлектеги Кулунду-Максат көпүрөсү же Ак-Сай - Тамдык - Көк-Таш жолунун курулушу гана эмес, бардык чек арага байланыштуу, сууга байланыштуу маселелер каралат
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG