Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:12

Кулматов тил сынагынан өттү


Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Кубанычбек Кулматов бүгүн мамлекеттик тил боюнча сынактан өттү. Бул тууралуу шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов “Азаттыкка” билдирди. Анын маалымдашынча, учурда бир эле талапкерден арыз түштү. Калган талапкерлерге мамлекеттик тил боюнча сынак 8-январда күндүзгү саат 2де өткөрүлмөкчү.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдиновдун “Азаттыкка” кабарлашынча, Ошто да бир эле талапкер – Айтмамат Кадырбаев катталды.

Кубанычбек Кулматовду мэрликке Бишкек шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясы, ал эми Кадырбаевди Ош шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракцияларынан куралган коалициялык көпчүлүк көрсөткөн. Кыргыз мыйзамдарына ылайык, Бишкек менен Оштун башчыларына талапкерлерди шаардык кеңештеги фракциялар жана премьер-министр сунуштай алат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG