Муфтияттын имаратынын жанында 60тай адам Рахматулла ажы Эгембердиевдин муфтийликтен кетишин талап кылып жатышат. Алар жаңы жыл алдында интернетке чыккан интимдик тасмадан соң Эгембердиевдин кызмат ордунда калууга моралдык укугу жок деген негизди карманышууда.
Нааразылыкка чыккандар негизинен дин жолунда жүргөн кишилер экени айтылууда. Жаңы жылдан кийинки эс алуу күндөрүнө байланыштуу муфтиятта бүгүн эч ким ишке чыккан эмес. Имаратты милиция кызматкерлери кайтарып турат.
Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин жаш аял менен сүйүү ышкысына батып жатканы тартылган тасма интернетке 31-декабрда жайылган. Ал боюнча Эгембердиев түшүндүрмө берип, тасмадагы келин аялы экенин, видео кимдер тарабынан тартылып, жайылтылганын түшүнбөй жатканын айткан. (SE\ZB)