Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

Велосипедчен жаранды сүзүп кеткен адам камала элек


Бишкек шаарында 4-январь күнү жол четинде турган велосипедчен адамды коюп кеткен унаа ээси камакка алынган жок. Анын машинеси унааларды убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Өзү суракка келип-кетип жүргөнүн, күнөөсү далилденсе камаларын Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.

Окуя Элебесов-Февраль көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 28 жаштагы Тимур аттуу жаран башкарып бараткан “Лексус-RX300” үлгүсүндөгү унаа жол четинде велосипед менен турган 28 жаштагы Мунарбекти коюп кеткен. Ал окуя болгон жерде жан берген.

Маркум Ош облусунун тургуну. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG