Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:57

Кыргызстан кооптуу өлкөлөрдүн тизмесинен чыгат


Пентагон 2014-жылдын 1-июнунан тарта тогуз өлкөнү кооптуу аймактардын тизмесинен чыгарат. Бул тууралуу маалымат АКШ коргоо министрлигинин расмий сайтында 3-январь күнү жарыяланды. Тизмеден чыккан өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Африка менен Азиядагы бир катар өлкөлөр бар.

Кооптуу аймактардын катарында Ирак, Ооганстан, Ливан. Иордания, Пакистан, Сирия, Йемен жана Египет кала берүүдө. Бул тыянак Пентагондун изилдөөлөрүнүн негизинде чыгарылган.

Кыргызстан 1999-жылдагы Баткен окуясынан соң кооптуу аймактардын катарына кирген.

Пентагон – АКШнын коргоо министрлигинин расмий аталышы. (SE)

XS
SM
MD
LG