Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Москвада өзбекстандык мигрантты өлтүрүп кетишти


Дүйшөмбүдө Москва полициясы эки ок жеген өзбек улутундагы адамдын сөөгү ал иштеген ишкананын жанынан табылганын билдирди. 31 жаштагы Удмуртиянын жана 38 жаштагы Коми Республикасынын жарандары бул кылмышка шектүү деп камалды.

Москвада Борбор Азия менен Кавказдан барган эмгек мигранттарына кол салуулар маал-маалы менен кайталанып турат. Октябрь айында орус улутундагы жигит бычак жеп жан бергенден кийин четтен келген мигранттарга каршы маанай күчөдү. Ага улай Москва жана Санкт-Петербург шаарларында Борбор Азиядан барган бир нече мигрант бейкүнөө өлүмгө кабылды.

XS
SM
MD
LG