Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Эрдоган аскер адамдарынын ишин кайра кароого каршы эмес


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган өкмөткө каршы кутумга айыпталган аскер адамдарынын ишин кайра караган соттук териштирүүгө каршы эместигин билдирди. 2012-2013-жылдары жүздөгөн офицерлер эркинен ажыратылган. Октябрь айында апелляциялык сот армиянын отставкадагы бир нече жогорку даражадагы аткаминерлери Эрдогандын кабинетин бийликтен кулатуу аракетин көрдү деген соттун чечимин күчүндө калтырган.

Өткөн аптада соттолгондордун адвокаттары офицерлерге каршы жалган көрсөтмөлөр топтолгон деген негизде соттун чечимине арызданышкан. Премьер Эрдоган эгер иштерди кайра кароого юридикалык негиз болсо сот ишин баштоого эч кандай тоскоолдук жоктугун айтты.

Өткөн айда Түркияда бийликтин жогорку баскычындагы коррупциялык иштер ашкереленгени саясий абалды дагы курчутту. Бир нече министр кызматтан кетүүгө мажбур болду. Эрдоган ошондой эле өкмөткө каршы кутум аракетин өлкөдөгү абалды курчутуу максатында чет жактагылардын жасаганы деп баалаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG