Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Жапон премьери Кытай, Корея менен түз сүйлөшүүгө ниеттенет


Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Ясукуниге - ар кыл согуштарда курман болгон жоокерлердин арбактарына сыйынуучу мемориалга барган себептерин Кытай менен Түштүк Кореяга түшүндүрүп берүүнү каалайт. Дүйшөмбүдө жылдык маалымат жыйында премьер Абэ Кытай менен Түштүк Кореянын лидерлери катышкан саммит өткөрүү ниети бардыгын билдирди.

Декабрдын этегинде жапон премьеринин Ясукуниге визитин Сеул менен Бээжин айыптап, билдирүү жасашкан. Талаштуу бул күмбөз 2 жарым миллиондой жоокер, анын ичинде Экинчи Дүйнөлүк согуштагы кылмыштар үчүн айыпталган14 миң офицердин элесине арналып салынган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Абэнин Ясукуни күмбөзүнө барганын “эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүнүн эшигин жапты” деп билдирген.

XS
SM
MD
LG