Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Муфтий өзүнө карата чагым болуп жатканын айтты


Муфтий өзүнүн айланасында болуп жаткан чуулгандуу окуяларды Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев жасап жатканын айтты. Мындай пикирин ал бүгүн “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Муфтийдин айтымында, жаңы жыл алдындагы тасма жана бүгүнкү митинг аны кызматтан кетирүү максатында атайын уюштурулган:

- Мен муфтийдин милдетин аткарууга киришерден мурда ал киши мага келип, пландарын айткан болчу. “Таблиги жамаат” агымын жаап, башка системаны алып келип, ажылык иштерин колго алышым керек деген. Мен анын айткандарын мамлекетибиздин стабилдүүлүгү үчүн сыртка чыгарган эмесмин,- деди Эгембердиев.

Муфтий өзүнүн ордуна буга чейин Москвадагы кыргызстандык мусулмандар диний башкармалыгынын өкүлү болуп иштеген Максат Конкобаевди кызматка алып келүү аракеттери жүрүп жатканын да кошумчалады. Бул боюнча Абдулатиф Жумабаев да “Азаттыкка” пикирин билдирип, муфтийдин айткандары чындыкка коошпостугун айтты.

Рахматулла ажы Эгембердиевдин жаш аял менен сүйүү ышкысына батып жатканы тартылган тасма интернетке 31-декабрда жайылган. Бүгүн диний кызматкерлер баштаган алтымыштай адам муфтияттын жанына чогулуп, Эгембердиев мындан ары бул кызматты аркалоого моралдык укугу жок экенин билдиришкен. (SE\JAk)

XS
SM
MD
LG