Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13

Жаныш Рүстөнбеков “Улуттар биримдигинен” чыкты


Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рүстөнбеков “Улуттар биримдиги” партиясынын саясий кеңешинен чыгуу тууралуу арыз жазды. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Рүстөнбеков өзү тастыктады. Өз арызында Рүстөнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы жыл алдындагы маалымат жыйынын көрүп, анын жүргүзүп жактан саясатын туура деп тапканын, ошондуктан оппозициялык партиянын курамын чыгуу чечимин кабыл алганын билдирген.

Жаныш Рүстөнбеков мурдагы бийликтер тушунда Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси кызматтарын аркалаган. 2010-жылдагы ыңкылаптан соң оппозициячыл “Улуттар биримдиги” партиясынын түзүүчүлөрүнүн бири болгон. Бул партияны Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов негиздеген. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG