Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Президент өкмөткө Кумтөр келишимин кайра иштеп чыгууну тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңешке 23-декабрда сунуштаган келишим долбоорунун 6-7 пунктунда орой каталар бардыгын, даярдалган келишим өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбестигин белгилеп, аны Жогорку Кенештен чакыртып алууну өкмөткө тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ишенимдүү булактар билдирди. Январдын биринчи жумушчу аптасында өкмөт келишимдин долбоорун кайра иштей баштаары күтүлөт.

Сентябрь айында Жогорку Кеңеш өкмөткө Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүүнү тапшырып, эгер “Центерра Голд” ага макул болбосо, улутташтыруу чечими кабыл алынарын эскерткен болчу. 23-декабрда кыргыз өкмөтү сунуштаган долбоордо "Центерра Голд" менен Кыргызстандын үлүшү 50-50% болгон баштапкы сунуш калтырылган.

XS
SM
MD
LG