Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Карзай президентикке талапкерлер менен жолукту


Президент Карзай өлкөдөгү эң жогорку кызматка ат салышкан 11 талапкер менен жолукту. Жекшембиде өткөн кездешүүдө талапкерлер 15-апрелге белгиленген шайлоону таза жана адилет өткөрүүгө кепилдик берүүнү президенттен талап кылышты. Алардын бири, мурдагы депутат Дауд Султанзой айрым мурда өкмөттө иштеген талапкерлер өкмөттүк булактардан шайлоо өнөктүгү үчүн каражат алып жаткандыгына тынчсыздануу бардыгын Тolo News агенттигине билдирди.

Президент Карзай болсо шайлоо ачык жана таза өтөрүн белгиледи.

Президентикке талапкерлердин тизмесинде Ооганстандын тышкы, финансы, коргоо министрликтеринин мурдагы башчылары жана Карзайдын бир тууганы бар. 2009-жылы Хамид Карзай экинчи жолу президентикке өткөн шайлоодо коопсуздук начар камсыздалып, добуштарды уурдоо, коркутуулар болгон.

XS
SM
MD
LG