Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:25

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо cүйлөшүүлөрү уланат


Бүгүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссияларынын жолугушуусу башталат. Ага коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган кыргызстандык делегация катышат. Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, жолугушууда өткөн жылы талаш жараткан Баткендеги Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушун жандантуу баштаган бир нече маселе каралат.

Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG