Линктер

дүйшөмбү, 23-январь, 2017 Бишкек убактысы 12:31

АКШ Иракка террорчулар менен күрөшүүгө көмөктөшөт


Америка Кошмо Штаттары Ирак өкмөтүнөн “ал-Каидага” байланышы бар террорчул топтор менен күрөшкө көмөк көрсөтүү үчүн аскерий техникадан жардам берүүнү тездетет. Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни дүйшөмбүдө журналисттерге сүйлөп жатып, Кошмо Штаттар террорчул топтор менен күрөшүүдө Ирак бийликтери менен тыгыз кызматташып жатканын маалымдады.

Карни кошумчалагандай, АКШ ушул жылы Иракка пилотсуз учактардан да жардам берүүнү мерчемдеп жатат. Мындай билдирүү өздөрүн “Ирак ислам өлкөсү жана Леванта” деп атаган, “ал-Каидага” байланышы бар топтун согушкерлери Фаллужа жана Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарларынын айрым бөлүктөрүн өткөн аптада ээлеп алган соң жасалды. Дүйшөмбүдө Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики Фаллужа шаарынын тургундарына кайрылып, “ал-Каидага” байланышы бар согушкерлерди шаардан кууп чыгарууга чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG