Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Өкмөт Кумтөр боюнча жыйын курганы жатат


“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Дилгер Жапаров ушул тушта өкмөт мүчөлөрү, Кумтөргө тиешеси бар мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери жыйынга чогулуп жатканын “Азаттыкка” кабарлады.

Кечээ, президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңешке 23-декабрда сунуштаган келишим долбоорунун 6-7- пунктунда орой каталар бардыгын, даярдалган келишим өлкө кызыкчылыгына туура келбестигин белгилеп, аны Жогорку Кеңештен чакыртып алууну өкмөткө тапшырганы маалым болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” ишенимдүү булактар кабарлаган.

Сентябрь айында Жогорку Кеңеш өкмөткө Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүүнү тапшырып, эгер “Центерра Голд” ага макул болбосо, улутташтыруу чечими кабыл алынарын эскерткен болчу. 23-декабрда кыргыз өкмөтү сунуштаган долбоордо "Центерра Голд" менен Кыргызстандын үлүшү 50-50% болгон баштапкы сунуш калтырылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG