Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Камчы Көлбаевдин табакташтары кармалды


Жалал-Абадда жана Таласта Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун издөөдө жүргөн мүчөлөрү кармалды. Алардын үчөө 5-январда Таласта колго түшүп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандар 30 жаштын тегерегиндеги кыргыз жарандары. Экөө Ысык-Көлдүн, бирөө Чүйдүн тургуну.

Жалал-Абадда кармалган шектүүнүн жашы 31де. Ноокен районунун тургуну. Ал 2012-жылдан бери издөөдө жүргөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" эки облустун Ички иштер башкармалыктарынын басма сөз кызматтары маалымдады.

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобу Кыргызстандагы эң ири криминалдык топ катары таанылган. 2008-жылы Москвада Көлбаевге “Мыйзамдагы ууру” таажысы кийгизилген. 2010-жылы парламенттик шайлоодон кийин Көлбаев Дубайда жашырынып жүргөн болчу. Былтыр 8-декабрда Кыргызстанга келип, өз ыктыяры менен колго түшүп берген. Учурда камакта. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG