Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Ошто бир аскер октон каза тапты


Оштогу аскер бөлүктөрүнүн биринде 20 жаштагы жоокер өзү менен чогуу кызмат өтөп жаткан аскер аткан октон каза тапты. Окуя 31-декабрда күндүз болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн коргоо министринин орунбасары Жаныбек Капаров билдирди.

Тергөөдө маалым болгондой, күзөттө турган эки аскердин бири ошол аймакта жүргөн иттерди коркутуу максатында ок чыгарып, ал кокустан жанында бараткан шеригине тийген. Жараат алган жоокер 3 күн ооруканада жатып, каза болгон. Ал Чүйдүн Сокулук районунан кызматка чакырылган.

Учурда ок аткан жоокер камакта отурат, тергөө амалдарын Аскер прокуратурасы улантып жатат. Иликтөөнү Коргоо министрлиги көзөмөлгө алган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG