Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

Сочиде коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Сочиде 7-январдан тарта, Олимпиада оюндарына туура бир ай калганда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Коопсуздук эрежелери Олимпиада оюндарынын тарыхындагы эң катаал чаралардын бири катары сыпатталууда.

Орусиянын президентинин буйругуна ылайык, тыюу салынган аймактар болот. Ал жакка жумуш же өндүрүштүк себептер менен гана кирүүгө мүмкүн. Тыюу салынган зонанын чеги Карачаево-Черкесиядан башталып, Абхазияга чейин жетет.
Башка шаарлардын унаалары Сочиге кире албайт. Көзөмөл киргизилген да аймактар бар, ал жакка кирүү үчүн полициянын текшерүүсүнөн өтүү керек. 30 миң полиция кызматкери жана ички аскер күчтөрүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Айрым талдоочулар жакында 34 кишинин өмүрүн алып кеткен Волгограддагы теракттарды Сочидеги Олимпиада менен байланыштырууда. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG