Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Москвада кыргыз жараны өлтүрүлдү


Москва шаарында кыргызстандык 20 жаштагы жигитти белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишти. Окуя 6-январга караган түнү болгон. Маркумдун сөөгү шаардын чыгыш тарабында гүл сатылчу жерден табылган. Анын денесине бир канча ирет бычак сайылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Маркум Ысык-Көлдүн Тоң районунун М.Ж. аттуу тургуну. Кыргызстандан Москвага эки жума мурун барган.

Кыргыз элчилиги Москвадагы тийиштүү кызматка кайрылып, окуяга жооптууларды кармоо иштерин тездетүүнү суранды. Орусиянын укук коргоо органдары бул боюнча кылмыш ишин козгоду.

Дүйшөмбү күнү Москвада эки өзбекстандык жарандын да өлүгү табылган. (SE)

XS
SM
MD
LG