Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Өзгөндө кыргыз-өзбек жаштары мушташкан жок


Өзгөн шаарында өзбек тектүү жаштардын тобу беш кыргыз жигитти сабап койду деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, социалдык тармактарга бул маалымат чыгары менен күч кызматкерлери териштирүү иштерин баштаган:

- Социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап жатат. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүштү, көчөмө-көчө жүрүп, кишилерден сурашты. Ооруканага барып да текшеришти. Эч кандай жаңжал болгон жок,- деди Ашырбаев.

Бүгүн социалдык тармактарда жазылган билдирүүлөрдө токмоктолгон кыргыз жигиттери оор абалда бейтапканага түшкөнү да жазылган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG