Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

Кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу тилкелерди чогуу кайтарат


Бул тууралуу шейшембиде Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө өткөн кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйынында макулдашылды. Ал жыйынга Кыргызстандан вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган делегация катышты. Жыйын жүрүшүндө Баткен облусу менен коңшу өлкөнүн Согди облусундагы талаштуу чек ара аймактары тууралуу талкуу болду. Чек араны тактоо боюнча быйыл каралчу маселелердин графиги да аныкталды.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, эки тарап өкүлдөрү 9-январда коңшу өлкөнүн Исфара шаарында жолугуп, сүйлөшүүлөрдү улантат.

Буга чейин Токон Мамытов Дүйшөмбүдөгү жолугушууда өткөн жылы талаш жараткан Баткендеги Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушун жандантуудан тартып бир нече маселе караларын билдирген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG