Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:47

Иракта Фаллужа жана Рамадини бошотуу аракети жүрүүдө


Иракта “ал-Каидага” байланышы бар исламчыл согушкерлер Фаллужа жана Рамади шаарларынын айрым бөлүктөрүн ээлеп турушат. Согушкерлерди бул аймактардан кууп чыгууга өкмөттүк күчтөр жана суннит уруулары биргеликте аракет кылууда. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ирак кызматынан кабарлашкандай, кечээ Рамадинин түштүк бөлүгүндө өкмөттүк аскерлер менен согушкерлер ортосунда атышуу болуп, жыйынтыгында 25 согушкер мерт кетти. Операция маалында өкмөттүк күчтөр ракеталарды, артиллерияны колдонду. Ирак армиясы жайкын тургундардын коопсуздугунан улам Фаллужа аймагына жапырт чабуул коюу планынан баш тартып жатканын билдирүүдө.

Өздөрүн “Ирак ислам өлкөсү жана Леванта” деп атаган, “ал-Каидага” байланышы бар топтун согушкерлери Фаллужа жана Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарларынын айрым бөлүктөрүн өткөн аптада ээлеп алган. Дүйшөмбүдө Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики Фаллужа шаарынын тургундарына кайрылып, “ал-Каидага” байланышы бар согушкерлерди шаардан кууп чыгууга чакырган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG